• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде көмүр шахталарынын биринде өрт чыкты

5 Жалган куран 2020 13:45 Бишкек Govori.TV

Баткенде көмүр шахталарынын биринде өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя Сүлүктүдөгү “Узун-Сай” ишканасынын аймагында болгон.

Жерине жети куткаруучу тартылган. Алар өрттү өчүрүп, газ чыккан жерге тосмо орнотуп беришкен.

Мамлекеттик экотехинспекциянын маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы ишканаларда 20 кырсык катталып, жети жумушчу каза тапкан, 13ү оор жараат алган. 2019-жылдын октябрына чейин алты кырсык катталып, үч жумушчу каза тапкан жана үчөө оор жараат алган. Ошол эле жылдын 10-декабрында Сүлүктү шаарындагы шахтада газга ууланып төрт киши каза болгон.

Количество просмотров: 59