Бишкек.27.04.2019.Govori.TV.
Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагынын Тамаша айылында карышкырлар кескин көбөйүп, 10 күн ичинде 8 кулунду жеп кетти. Бул тууралуу Тамаша айылынын тургуну Бурхан Марасулов билдирди.
Маалым болгондой, кечээ, 26-апрель түнү Тамаша айылынын Кош-Дөбө жайлоосунан 2 кулунду карышкырлар жеп кеткен.
«Учурда карышкырлар кескин көбөйдү. Азыр алар айылга жакын жайгашкан жайлоолордон малдарга кол салууда. Буга чейин Күңгөй жайлоосуна чыккан элдердин малдарына кол салышты. Эң кызыгы малдарды өлтүрүп жебей кеткен. Ал эми жаш кулундардын эттүү гана жерлерин жеген. Кулундарды жеп кеткенин өз көзүм менен көрдүм. Карышкырлардын издерине караганда алгач алар кулундарды топтоп, андан кийин тикендүү токойго кубалаган. Кулундар тикенге чалынып жыгылганда жеген.
Бул көрүнүшкө жергиликтүү бийлик кайдыгер карабай, мергенчилерди карышкырларды жок кылууга чакырышы керек. Азыр эл гана зыян тартууда. Болбоду дегенде жергиликтүү мергенчилер карышкырларды атып жок кылуусуна шарт түзүү керек»,- дейт Бурхан Марасулов.