• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде контрабандалык жүк кармалды

6 Чын куран 2021 12:58 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда контрабандалык жүк кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү 5-апрелинде Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана КР УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан «Партнер Нефть» май куйуучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлгөн.

«Кампанын аймагына тинтүү ишетеринин жүрүшүндө, «Опель Зафира» үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган. Кармалган автоунаа КР УКМКнын чек ара кызматынын «Кайрагач» өтөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары уланууда.

Количество просмотров: 144