• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Баткенде кудуктун 21 даана темир капкагын уурдаган киши кармалды

24 Чын куран 201916:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Баткен районунда бир түндө таза суу топтолуучу кудуктун 21 даана темир капкагын уурдап кеткен киши кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя Кара-Булак айыл аймагынын Бужум айылында болгон.

Баткен РИИБнын кызматкерлери окуяга шектелген 41 жаштагы тургунду кармашты. Анын үйүнөн аталган кудуктардын капкактары табылды.

Учурда факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.


Количество просмотров: 15