• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Баткенде кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат

21 Бирдин айы 2020 11:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-февралда Баткенде  кыргыз-тажик өкмөт аралык чек ара сүйлөшүүсү өтүп жатат. Жыйынга Кыргызстандын жана Тажикстандын премьер-министрлеринин орун басарлары Акрам Мадумаров жана Азим Иброхим катышууда. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.

Эки тарап жолугушууда эл арасында ишенимди калыптандыруу, жолугушуунун жыйынтыгы менен макулдашууга келип, документ кабыл алуу керектигин белгилешүүдө.

Эске салсак, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын буга чейинки жыйыны Тажикстандын Исфара шаарында 4-5-февралда өткөн.

Количество просмотров: 81