• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде мөндүр аралаш жаандан кийин сел жүрдү

18 Бугу 202216:21 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунда мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттон сел суусу агып түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-май күнү саат 13:30 чамасында райондук милициянын имаратынын жертөлөсүнө жана Өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн короосуна суу кирген.

Тазалоо иштерине 6 куткаруучу тартылып, учурда сууну атайын жабдык менен тарттыруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 153