• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде мамлекетке 38 млн сомдон ашуун зыян келтирүү фактысы аныкталды

15 Аяк оона 2021 17:14 Бишкек Govori.TV

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан мамлекетке 38 млн сомдон ашуун зыян келтирүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Прокурордук текшерүү көрсөткөндөй, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери тендерлердин шарттарын бузуу менен алты социалдык объекти боюнча (мектеп, бала бакчалар) аткарылбаган иштерге жана бүткөрүлбөгөн курулуштарга 38 млн 114 миң 608 сомду жеке жактарга мыйзамсыз которуп жиберишип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Тактап айтканда, Баткен районунун Капчыгай айылындагы бала бакчанын курулушуна 10 млн 695 миң 273 сом, Үч-Дөбө айылындагы бала бакчанын курулушуна 3 3 млн761 миң 660 сом, Үч-Дөбө айылындагы орто мектептин курулушуна 8 млн 678 миң 267 сом жана Сай айылындагы орто мектептин курулушуна 5 млн 160 миң 94 сом, ошондой эле Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында жайгашкан орто мектептин капиталдык оңдоосуна 3 млн 666 миң 267 сом жана Лейлек районунун Ай-Көл айылындагы орто мектептин спорт залынын курулушуна 6 млн 153миң 47 сом акча каражаттары аткарылбаган иштер үчүн мыйзамсыз чыгышталган.

Топтолгон материалдар Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Количество просмотров: 361