• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткенде мектеп пайдаланууга берилди

24 Бештин айы 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 24-декабрда Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев атындагы орто мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу КР Президентинин Баткен обдлусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, имарат жалпысынан 275 орунга ылайыкташып, мамлекеттик бюджеттин эсебинен салынган. А.Масалиев атындагы орто мектептин курулушу 2021-жылдын 23-майында башталып, “Аминь” ЖЧК тарабынан курулуш иштери жүргүзүлгөн.

«Жаны мектеп заманбап эмеректер менен толук шартта курулуп пайдаланууга берилүүдө. Аталган мектеп буга чейин эскилиги жеткендигине байланыштуу өлкө башчы Садыр Жапаровдун Баткен облусуна болгон иш сапарында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча тапшырма койгон. Кызыл-Бел айылынын тургундары жергиликтүүлөрдүн социалдык маселерине көнүл буруп жаны мектептин курулуусу боюнча өлкө башчысына өздөрүнүн ыраазычылыгын айтышты»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү максатында өлкө башчысынын атайын жарлыгы чыккан. Ага ылайык, Баткен облусунун аймагында 8 социалдык объектилердин курулуш иштерине жана капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн республикалык бюджет эсебинен 250 млн каражат бөлүнгөн.

Количество просмотров: 182