• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде ок атышуулар токтой электиги айтылууда

30 Чын куран 2021 10:12 Бишкек Govori.TV

Баткенде 30-апрелдин эртең мененки саат 9:30уна карата абал боюнча эки башка маалымат келүүдө. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Баткен районунда кырдаал турукташып, ок атуулар токтотулган. Баткен районунун Аксай, Ак-Татыр, Самаркандек айыл аймактарына өзгөчө тартиптеги күчөтүлгөн режим киргизилген” деп маалымдады.

Ал эми жеринен маалымдагандай, ар жерден ок атылганы кээде дале угулуп жатат.

30-апрелге ооган түнү Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев биргелешкен документке кол коюп, кагылышты токтотууну, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүүнү макулдашышкан.

Количество просмотров: 230