• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Прокурорду өлтүрүүгө шектүү деп кармалган аткаминер эки айга камакка алынды

20 Жетинин айы 2018 11:26 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.11.2018.Govori.TV.
Баткенде прокурорду өлтүрүүгө шек саналып кармалган аткаминер эки айга камакка алынды. Облустук соттун маалымат кызматынын өкүлү Аскар Баймуратов билдиргендей, Кадамжай райондук соту Облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыковдун үстүнөн мындай чечимди 19-ноябрда чыгарды.
Баткен облусунун мурдагы прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун сөөгү 18-ноябрда аймактагы тоо арасынан табылган. Милиция анын окко учканын билдирип, экспертиза дайындалган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Маркум ал күнү санаалаштары менен аңчылыкка чыкканы кабарланды. Анын өлүмү боюнча шектүү катары облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Мелис Калыков кармалган. Андан тышкары ошол күнү Мамажакыпов менен кошо мергенчиликке чыккан прокуратуранын алты кызматкери сурак берип жатканы белгилүү болду.
19-ноябрда Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп мурда Башкы прокуратурада иштеген Ороз Бердибаев дайындалды.
Количество просмотров: 26