• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткенде прокурордун орун басары пара менен кармалды

18 Жалган куран 2019 12:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.03.2019.Govori.TV.

УКМК жана Башкы прокуратура тарабынан пара алууга шектелип Баткен районунун прокурорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма-сөз кызматы билдирген.

Мамлекеттик органдардагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында Баткен облусунун Баткен райондук прокурорунун орун басары тарабынан өзбек жаранынан пара талап кылуу фактысы катталган.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында Өзбекстандын жарандары ижарага алган турак-жайдан өрт чыккан. Ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Февралдын башында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы «кылмыштын белгилери жок» деп ишти токтотуп, анын мыйзамдуулугун текшериш үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Ишти караган райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын жарандарынын бирин «иштөөгө тиешелүү документтери жок» экенин жана аны депортация кыларын айтып коркутуп, 30 миң сом талап кылган.

16-мартта ал 20 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, камакка алынган.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 3