• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде сарай өрттөндү

14 Кулжа 2022 9:41 Бишкек Govori.TV

Баткенде сарайда чыккан өрттөн 117 даана таңгактаган тоют чөп өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Майдан айыл өкмөтүнүн Кара-Дөбө айылында сарайдан өрт чыккан.

Аталган айылдын тургуну А.А. таандык үйдүн сарайындагы тилсиз жоонун кесепетинен 60 даана шифер, 140 метр рейка, 24 даана айырмач (стропила), 40 метр устун жана 117 даана таңгакталган чөп чыгым болгон.

3 өрт өчүрүүчү куткаруучунун ыкчам аракети астында жалын саат 16:20да чектөөгө алынып, саат 17:15те толугу менен өчүрүлдү.

Өрттөн жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 73