• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткенде сел алты көпүрөнү жууп кетти

27 Теке 2020 9:27 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда сел жүргөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 19:30да Орозбеков айыл аймагында катуу жааган жамгырдын кесепетинен Охна сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, 24-июль күнү калыбына келтирилген 6 көпүрөнү кайра жараксыз абалга алып келген.

Жерине райондук Өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу, айыл аймактын өкүлү чыгып кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет 28-июлга чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлө тургандыгын кабарлап, шашылыш билдирүү тараткан.

Количество просмотров: 165