• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде шахта урап, бир киши изделүүдө

23 Бештин айы 20209:30 Бишкек Govori.TV

Баткендин Сүлүктү шаарында «Ашымбай» (ЖЧК) шахтасы урап түшүп, ичинде калып калган бир киши изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга билдирүү кечээ, 22-декабрь күнү, саат 10:40та түшкөн.

Кырсык болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин №1 өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун 16 куткаруучусу, Тез жардам кызматынан бир бригада, ИИМден бир экипаж, шахта башчысы жана 20 жумушчусу тартылган.

Издөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 109