Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Кулунду айылында таштанды кабыл алган ишкана иштей баштады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматка ылайык, ишканада 4 жумушчу айылдыктар алып келген таштандыны иргеп, таңгактайт. Ал эми ишкана желим шишенин 1 килограммын 7 сом, желим баштыкты 15 сомдон сатып алат.
Кошумчалай кетсек, бир жума ичинде айылдан 500 килограмм желим баштык жана желим шише, 30 тоннадай макулатура топтолгон. Чогултулган таштанды андан ары кайра иштетүүгө жибериле турганы айтылган.