• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Улан Бакасов: «Нарын электр ишканасынын директорун тиешелүү органдар текшериши керек»

25 Аяк оона 202414:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов төраганын орун басары Жамиля Исаевадан Нарын электр тармактар ишканасынын ишин текшерүү боюнча тиешелүү органдарга протоколдук тапшырма берүүнү суранды.

Депутаттын айтымында, ишкана жетекчилигинин шалаакылыгынан облуска 1 миңге жакын аба чубалгыларынын тирөөчтөрү келе элек.

«Аймакта электр жарыгы жок кичинекей айыл бар. Аларды колдоого даяр демөөрчүлөр табылды, бирок Нарындагы ишкананын директору ишти өз мойнуна алгысы келбейт. Орнотуу үчүн инвесторлордон 1 миллион сомдон ашык каражат сурап жатат», — деди депутат.

Ал ошондой эле ишкананын директору «Мекеним Кыргызстан» партиясынын мүчөсү экенин жана анын көптөгөн тарапкерлерин ишканага жумушка орноштурганын маалымдады.

Количество просмотров: 165