• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде тилемчилик кылган 11 бала аныкталды

18 Баш оона 202210:36 Бишкек Govori.TV

Лейлек районунун аймагында “Тилемчилик” иш-чарасында 11 бала аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдын басма сөз кызматы

Лейлек РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери “Тилемчилик” иш-чарасынын алкагында өз алдынча көзөмөлсүз жүргөн, базарларда, коомдук жайларда тилемчилик кылып жүргөн балдарды аныктоо максатында бир топ иштерди аткарды.

Жыйынтыгында 11 бала аныкталып, алардын ата-энелери, мыйзамдуу өкүлдөрү чакыртылып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп эскертүүлөрдү берди. Ал эми Кыргыз Республикасынын укук бузуу кодексинин негизинде 1 ата-энеге протокол толтурулуп, айып салынды.

Количество просмотров: 90