• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Баткенде тоодон түшө албай калган 3 бала куткарылды

21 Чын куран 202511:32 Бишкек Govori.TV

Баткенде тоодон түшө албай калган 3 бала куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, күн мурун Кадамжай шаарында тоодо 12 жаштагы А.А. аттуу бала бутун кокустатып, өз алдынча төшө албай калып жардам сураган.

Аны менен чогу 3 жаш бала болгон. Тартылган куткаруучулар түшө албай калган 3 өспүрүм баланы тоодон алып түшүрүп, ата- энелерине өткөрүп беришти.

Жерине 4 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 235