• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде УКМКнын эки кызматкери жараат алды

11 Жалган куран 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

Баткен облусундагы тергөө амалдарынын жүрүшүндө УКМКнын кызматкерлерине куралдуу каршылык көрсөтүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 11-мартта Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмүндөгү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Баткен районунун Самаркандек айылындагы кампага тинтүү жүргүзүү учурунда кампанын ээси М.А. жетектеген жыйырмага жакын адам УКМКнын мыйзамдуу иш аракеттерине ок атуучу куралды колдонуп каршылык көрсөтүштү.

Тактап айтканда аткезчилер менен УКМКнын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду.

«Мамлекеттик номурлары жок 6 оор жүк ташуучу унаанын экөө чек арадан өтүп кетүүгө үлгүрдү. Кагылышуунун кесепетинен УКМКнын эки кызматкери жеңил жаракат алды. Учурда каршылык көрсөткөн аткезчилер кармалды», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 78