• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде өзүн атып алган жоокер ооруканага жаткырылды

6 Тогуздун айы 2022 9:18 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда «Илбирс» атайын багыттагы бөлүгүнүн жоокери өзүн көкүрөк тушка атып алды. Бул маалыматты Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка ылайык, жоокер учурда ооруканада. Окуя 5-октябрга караган түнү болгон. Жабырлануучунун абалы жана окуянын чоо-жайы азырынча айтыла элек.

Соңку эки айда кыргыз армиясында кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза тапты. Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, акыркы беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтеп жатат.

Количество просмотров: 151