• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баткенде жабыркагандардын саны 50дөн ашты

16 Аяк оона 2022 19:17 Бишкек Govori.TV

16-сентябрь саат 18:00гө карата (ыкчам маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында медициналык уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинен 3 жаран үйдөн дарылоого жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын денесинин ар кайсы жерине снаряддын сыныктары тийген жана октон жарадар болушкан.

Жабыркагандардын ичинде 7си аял, 5 жаш бала бар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасында — 23;

2. Лейлек райондук жалпы дарыгердик практика борборунда — 22;
3. Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;
4. Улуттук госпиталда — 3 жабырлануучу;
5. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

Ошондой эле, 15 жаштагы бир кыз октон жараат алып, каза болду. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

Количество просмотров: 78