Бүгүн, 4-майда саат 09:30га карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, түндө чыр-чатак, ок атышуулар катталган жок.
“3-майдан бери Баткен районунун Актатыр айыл өкмөтүндөгү Орто-Боз айылында Коргоо министрлигинин саперлор тобу буга чейин жарылбай калган снаряддарды зыянсыздандыруу иштерин жүргүзүүдө. Буга байланыштуу Баткен облусунун чек ара аймактарында жашаган кыргызстандыктардан жарылуунун үнүн укканда дүрбөлөңгө түшпөөнү суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна жайгаштырылган бөлүктөрү жана түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда.