• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Баткенде жеңил унаа ичиндеги жүргүнчүлөрү менен сууга түшүп кетти

15 Тогуздун айы 201810:29 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 15.10.2018. Govori.TV

Баткен облусунун Кадамжай районунда айдоочу рулду башкара албай жүргүнчүлөрү менен сууга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма- сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ саат 22:26 чамасында Кадамжай-Жийделик унаа жолунун 5-чакырымында Лексус RХ-300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ролду башкара албай Ак-Суу суусуна түшүп кеткен. Унаанын ичинде 2 адам болгон, алар эч кандай жаракат алган эмес. Кырсык болгон жерге куткаруучулар барып, унаанын ичиндеги адамдарды унаадан чыгарышып, тиешелүү кызматтардын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 44