Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлайт.
Маалыматка ылайык, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө бүгүн, 30-январда саат 16:34тө орун алган.
«Жер титирөө Лейлек районунун Жаңы-Жер, Ак-Чечек айылдарында 2,5 балл, Баткен районунун Рабат айылында, Лейлек районунун Кара-Суу, Лейлек, Коргон айылдарында 2 баллга чейин сезилген»,-деп айтылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.