• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Баткенде жердин 3 метр тереңдигинен кылмыштуу топко тиешелүү унаа табылды

24 Тогуздун айы 2018 16:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV
Баткен облусунда террорчулукка каршы жүргүзүлгөн иш-аракеттердин алкагында колунда бар адамдарды курал колдонуп тоноп жүргөн «Ганимат» аталышындагы терроризмге байланышы бар топтун мүчөлөрү аныкталды. Бул топ Сирия жана Ирактын согуштук аймактарында согушуп жүргөндөрдү материалдык жана техникалык жактан камсыздоо максатында тоноо иштерин жасап жүрүшкөн. Бул тууралуу УКМКнын өкүлү Рахат Сулайманов Govori.TV сайтына билдирди.
«Көмүскө топтун лидерлери узак убакыттан бери акчалай каражатты согуштук аймактарга жөнөтүү үчүн маалымат топтоп, ошондой эле курал колдонуп тоноочулук кылышкан. Мындан соң кылмыштын изин жашыруу максатында тоноо кылмышына далил болуп кала турган унааны адам барбаган жайга алып барып көмүшкөн», — дейт Сулайманов.
Унааны 23-октябрда УКМКнын кызматкерлери Баткен облусунун аймагынан 3 метр тереңдикке көмүлгөн жеринен табышкан. Бул унаа 2015-жылдын апрель айында кылмыштуу топтун тоноо ишин жүргүзүү үчүн колдонулган транспорту болгон.
«Унаага байланышкан кылмыш иши мурда катталып, бирок убактылуу токтотулуп калган. Анда белгисиз адамдар Ош шаарынын тургунуна кол салып, 1 миллион 300 миң долларын алып кетишкен. Бул окуя 2015-жылы катталган. УКМК жана ИИМ биргелешкен ыкчам иликтөө тобун түзүп, бул иш боюнча иш алып барууда. Бул кылмышка тиешеси бар адамдар изделип жатат», — деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы 

Количество просмотров: 32