• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Баткенде жетекчилер чек ара протоколу боюнча элге түшүндүрмө беришти

28 Аяк оона 2022 19:16 Бишкек Govori.TV

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар менен президенттин облустагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев жолугушту. Бул жыйынга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да келери кабарланып, бирок катышкан жок.

Эки жетекчи кыргыз-тажик чек арасында байланыштуу соңку протокол боюнча жарандарга түшүндүрмө беришти.

Алимбаевдин айтымында, жыйында коопсуздук, айланма жолдор, билим берүү өңдүү маселелер да талкууланды.

Жыйынга катышып чыккан жарандардын айрымдары түшүндүрмө элди канааттандырганын белгилешти.

Жергиликтүү жүздөн ашуун тургун театрдын алдына 28-сентябрда эртең мененки саат 10до чогулушкан.

27-сентябрда да Баткен облустук администрациясынын алдында эл топтолуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө маалымат берүүнү талап кылышкан.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 116