• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Баткенде жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерине кол салуу болду

21 Жетинин айы 2018 21:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.  21.11.2018.Govori. TV

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында жол коопсуздугун камсыздоо кызматкери кол салуудан жабыркап, ооруканага түштү. Бул тууралуу «Азаттык» жазып чыкты.

Маалыматка караганда, жаракат алган кызматкер жол эрежесин бузган айдоочуну токтоткон учурда ал буйрукка баш ийбей качып кеткен.

Укук коргоо органынын өкүлү анын артынан кууп жеткен. Мас абалдагы айдоочуну кармап, машинесин атайын токтотуучу жайга киргизген учурда ал жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерин бурооч (отвертка) менен көкүрөк тушка сайып жиберген.

Жабыркаган кызматкерге кесиптештери жардамга келип, жол эрежесин бузган айдоочуну кармашкан. Жаракат алган адам ооруканага жеткирилген. Учурда жабырлануучунун абалы жакшы. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтенип жатат.
Количество просмотров: 36