• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенде жугуштуу оорулар ооруканасы пайдаланууга берилди

13 Тогуздун айы 2020 10:09 Бишкек Govori.TV

Баткен облусунда үй-бүлөлүк дарыгелер борборунун эски имаратын 90 орундуу ооруканага ыңгайлаштыруу максатында жасалган оңдоп-түзөө жумуштары толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-октябрдан тарта муктаждыкка жараша ооруканага бейтаптар жаткырыла баштады.

«Ооруканага жылуулук берилип, зарыл болгон медициналык жабдуулар менен камсыздалды. 3 ИВЛ, 60 кычкылтек концентратору орнотулду. Учурда ооруканада 63 бейтап дарыланууда.»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 57