• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткендеги чек ара маселесин талкуулаган тегерек стол өтүүдө

17 Бирдин айы 2020 10:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-февралда Баткендеги чек ара маселесин талкуулаган тегерек стол өтүүдө. «Чек ара» коомдук бирикмеси уюштурууда.

Тегерек столго Жогорку Кеңештин депутаттары Баткен облусунда жана чек ара тармагында мурда-кийин иштеген мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык активисттер чакырылган.

Аталган бирикменин өкүлү Гүлжигит Исаковдун айтымында, жыйында төрт маселе каралат.

«Бүгүнкү тегерек столдо Баткен облусундагы чек ара маселесин чечүү жолдору, Чектеш аймактарда жашаган элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара маселесин жөнгө салуучу улуттук комиссия түзүү тууралуу маселелерди талкуулайбыз», — деди Исаков.

Количество просмотров: 107