• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Баткендеги чек арада кайрадан ок атылды

7 Баш оона 2020 9:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде кайрадан ок атылды. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматкаылайык, 6-август күнү кечки саат 18.30дар чамасында Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында 65 жаштагы Р.М., аттуу тургун өзүнүн үлүш тилкесинде иштеп жүргөн жеринде Тажикстан тараптан белгисиз адам ок атуучу курал менен ок чыгарган.

Кыргыз жаранынын оң желкесине жана оң жак жамбашынын үстүнө ок тийип, Баткен облустук биргелешкен ооруканасына жаткырылган.

Бул факты Баткен РИИБнин Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүүгө аракет жасоо» менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда жергиликтүү милиция тарабынан калк арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.Чек арада абал туруктуу.

Эске салсак, 6-август күнү таңкы саат 05:30дар чамасында, Баткен районунун Эки-Таш жерлигинде Тажикстан тараптан белгисиз адамдар мергенчилик куралдан кыргыз чек арачылары тарапка ок чыгарышкан. Анда чек арачынын колуна ок тийип, ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 36