• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баткендеги дарыгерлер үчүн Өзбекстандан 500 комплект коргонуучу каражат келди

23 Жалган куран 2020 15:45 Бишкек Govori.TV

Баткендеги дарыгерлер үчүн Өзбекстандан 500 комплект коргонуучу каражат келди. Бул жардам өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин сүйлөшүүсүнүн натыйжасында берилгенин облус бийлиги кабарлады.

Комплект формалар облустагы саламаттык сактоо кызматкерлерине жана санитардык карантиндик көзөмөл постторунда иштегендерге берилет. Муктаждык болсо өзбек тарап мындай жардамын дагы улантарын билдирди.

Буга чейин Фергана облусунан 2 600 таңгакталган медициналык даки жана 1,5 тонна дезинфекциялоочу каражат алынып келген.

Учурда бул сыяктуу коргонуучу кийимдер жергиликтүү тигүү цехтеринде да даярдалууда.

23-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 14 адам болууда, алардын бири — 71 жаштагы эркек реанимацияда жатат. 14 адамдын бирөө Баткенде.

Өзбекстанда бул илдетке чалдыккандардын саны 45 адам

Количество просмотров: 160