Бишкек.08.05.2019.Govori.TV.
Баткен облусунун киши колдуу болуп каза болгон прокурору Анарбай Мамажакыповдун денесинен нефтепродуктынын изи табылган жок. Бул тууралуу кылмышка шектүү Мелис Калыковдун эжеси Дарыйка билдирүүдө. Мындай жыйынтыкты жүргүзүлгөн экспертиза берди, ошондуктан “Облустун прокурорунун денеси кантип өрттөлдү билбейм”,- дейт ал.
«Менин иним күнөөнү мойнуна алган жок. Тергөөчү болсо анынын жеке адвокаты бар экенине карабастан тергөө изоляторуна мамлекеттик адвокатты алып келип сурак жүргүзүүгө аракет кылууда. Иним бей убакта жана бейтааныш адвокаттын көзүнчө кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү бербейт турганын негиз кылууда. Тергөөчү мунун баарын видеого тартып иш материалына тиркеп коюптур. Эч кандай беттештирүү болгон эмес»,- дейт Дарыйка Калыкова. Ошондой эле экспертиза каргашалуу мергеничиликтин катышуучуларын, анын ичинде Мелис Калыков да ошол убакта соо экенин көрсөттү деп кошумчалады ал.
«Мергенчиликте баары мас болушчу. Эмилбек Ажибековдон башкасы. Ал облуст прокурорунун орун басары. Намаз окуйт, такыр ичимдик ичпейт. Бирок, экспертизада өлтүрүлгөн прокурордон башкасынын баары соо болгону билинди. Биз комплекстүү экспертиза жүргүзүүнү талап кылдык. Бирок, тергөөчу бул өтүнүчтү канааттардырбай жатат», — деди Дарыйка Калыкова.
Эске салсак, Анарбай Мамажакыпов 2018-жылдын 18-ноябрында Баткенде өлтүрүлгөн. Анын өрттөлгөн денеси шаар четинде табылган. Кылмышка шектүү катары Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкери кармалган.