• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Баткендеги тыптыйпыл болгон үйлөр жаш жигитти ыйлатты (видео)

3 Бугу 2021 18:39 Бишкек Govori.TV

Кыштактарда катуудан казаны, жумшактан күлү калган турак үйлөрдүн абалы жаш жигитти ыйлатты. Бул тууралуу видео социалдык түйүндөргө тарады. Анда өзүн Медербек деп тааныштырган жигит чек ара жаңжалында жапа чеккен жарандарга колдон келген жардамды берүүнү суранган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атуулардан Баткен облусу боюнча жалпы 130 объект өрттөлгөн. Тагыраагы 104 турак үй, эки мектеп, бир ФАП, бир бала бакча, милициянын бир имараты, үч чек ара заставасы, 10 май куюучу жай, 8 дүкөн күйүп кеткен.  Учурда аймактагы келтирилген чыгымдарды аныктоо боюнча комиссия иштеп жатат.

Белгилей кетсек, Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунан жалпы 33 миңден ашуун киши эвакуацияланган. Алардын ичинен 14 246сы чоң кишилер, 19 142си жаш балдар. Алар 2-майда үйлөрүнө кайта башташкан.

Количество просмотров: 3009