• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Кадамжайда мурда соттолгон жарандын үйүнөн “апийим” баңгизаты табылды

12 Бештин айы 2022 12:09 Бишкек Govori.TV

Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын 48 жаштагы тургуну Д.Т. жашаган үйгө кызматтык иттин жардамы менен тинтүү жүргүзүшүп, анын короосунан скочтолгон 508 грамм салмактагы өзгөчө жыты бар затты табышты. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул факты Баткен ОИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын негизинде алынган затка тиешелүү экспертизалар дайындалып, анын корутундусуна ылайык, «апийим» баңгизаты экендиги аныкталды. Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 350