• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткендеги убагында бүтпөй калган үйлөргө ким күнөөлүү? Депутаттардын пикири

2 Бирдин айы 2023 15:03 Бишкек Govori.TV

Баткендеги куралдуу кагылыштан жабыркаган үйлөрдүн курулуш иштери аяктоо алдында турат. Бүгүн, 2-февралда 35 үй бүтүп, ээлерине тапшырылды.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазгандай, бир жума ичинде дагы 15 үй даяр болот.

буга чейин, Sputnik Кыргызстан агенттиги «Кан төгүлгөн Баткендеги көмүскө кызыкчылыктар. Артында Туманбаев турабы?» деп аталган материал жарыялап иликтөө жүргүзгөн. Анда эмне себептен үйлөр белгиленген мөөнөттө курулуп бүтпөгөнү, өкмөттөн акча бөлүнүп, бирок субподрядчыларга жетпей калганы жана 20 жаштагы студенттин кечээ жакында негиздеген компаниясынын тендерди утуп алганы тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров да көңүл бөлүп, комментарий берген.

Эми бул маселеге ким күнөлүү? Жоопкечиликти ким тартуу керектигин айрым эл өкүлдөрүнөн сурап көрдүк.

Толугу менен бул жактан көрүңүз:

Количество просмотров: 103