«Бишкекке бара жаткан жеримден туугандарым артка кайтарышты. Балам кырсыктын күнөөкөрү болбосо да, каза болгон жарандын туугандарына, балдарына, 80ге таяп калган апасына көңүл айтып, куран окутуу үчүн бардык. Алар Араван районунун Төө-Моюн айыл аймагында турушат экен. Биз барсак маркумдун бир туугандары чогулуп калышыптыр. Келгенибиздин себебин айтып, күнөөлүү эмес экенибизди түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бирок майнап чыккан жок. Сөзүбүзгө кулак салышкан жок. Таза болсоңор соттон акталып чыккыла дешти. Аларды деле түшүнүп турабыз. 80ге таяп калган апа үчүн уулун жоготуу оңой эмес да. Айла жок үйгө кайтып кеттик. Биздин айылдын аксакалдары менен чогуу дагы бир жолу баралы деген ниетибиз бар. Кечээ эл өкүлү Жанар Акаев телефон чалып, сүйлөштүк. Ал дагы «ак болсоңор да алдынан өтүп койгонуңар туура»,-деп бул пикирибизди колдоду. Мындан тышкары бул иштин дыкат каралышы керектигин Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгам деп убада берди”,-дейт ата.