• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Москвада баласын сабаган ата 2 айга камакка алынды

21 Чын куран 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 17-апрель күнү Кыргызстандын жарандарынын арасында «WhatsApp» мессенджеринде жана «Facebook, Instagram» социалдык тармактарда Москвада Кыргыз Республикасынын жараны өз батиринде өзүнүн жашы жете элек баласына зомбулук көрсөткөн видео тарап, ал коомчулук тарабынан кызуу талкуу жараткандыгын эскертебиз.


Бул боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн соң, видеодогу адамдын өздүгү такталып, ал Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1985-жылы туулган Ж.Э. аттуу тургуну экендиги аныкталган. Жубайы 1987-жылы туулган Ж.Ж. экендиги такталды.

Ошондой эле, иликтөөнүн жүрүшүндө ал үй-бүлөсү менен кошо 2019-жылы 16-октябрында Россия Федерациясына учуп кетишкендиги жана учурда Москва шаарында жашап жаткандыгы маалым болгон.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү тарабынан Россиянын ИИМдин Москва шаары боюнча Кылмыш иликтөө башкармалыгына, аймактык бөлүмдөрүнө жогоруда көрсөтүлгөн жаранга карата РФдин мыйзамына ылайык чара көрүү боюнча кат жөнөтүлүп, Россиянын ИИМдин Москва шаарынын Кунцево району боюнча бөлүмүнө аталган факты катталган.


Кыргыз Республикасынын жараны 1985-жылы туулган Ж.Э. карата Москва шаарынын Кунцево району боюнча Тергөө комитети тарабынан РФдин Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренеси (Уруп-согуу кыйноо) жана 156-беренесинин (Жашы жете электи тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо) негизинде кылмыш иши козголду. Соттун чечими менен Ж.Э. 2 айга камакка алынды.

Количество просмотров: 226