Бишкек.23.09.2018.Govori.TV.
Зууракан Каденова Сеулдан Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султанов билдирди.
«Экс-замминистр айым кечээ түнкү 2де элчиликтин кызматкерлери тарабынан Инчондогу жатаканага жайгаштырылып, бүгүн эрте менен Сеул-Алматы-Бишкек каттамы боюнча ИЙГИЛИКТҮҮ учуп кетти»,- дейт элчи.
Эскерте кетсек, Зууракан Каденова Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарынын аэропортунан учакка мас абалында кирип, ызы-чуу чыгарганы кабарланган. Бул тууралуу алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өзүнүн баракчасына жазып чыккан.
Кийин бул эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары экени болуп чыкты.
Ошол эле күнү, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Каденова Зууракан Ажимаматовна Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан бошотулду.