• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткенге 106 тонна гумжардам жеткирилди

17 Аяк оона 2022 14:38 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 33,5 тонна жардам Маргун айыл аймагынын элине таратуу үчүн жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Материалдык резервдер фондусунан 6500 литр күйүүчү май, ун 25 тонна, шекер 4 тонна, өсүмдүк майы, 10 миң литр бөлүнгөн. Мындан сырткары, жарандардан, мекеме-ишканалардан чогултулган 90, 326 тонна азык-түлүк жиберилген.

Ошондой эле бардык облустарда гуманитардык жардамдарды чогултуу пунктары уюштурулуп, иштер жүрүп жатат. Алсак, Ош облусунда 42 пункт анын ичинен, Кара-Суу районунда 18, Ноокат районунда 15, Араван районунда 9.

Ал эми Бишкек шаарында 24 пункт анын ичинен Октябрь району 7, Ленин району 6, Свердлов 5, Биринчи май району 6, Ош шаарында1 пункт ачылган.

Количество просмотров: 88