• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү

16 Аяк оона 2022 22:54 Бишкек Govori.TV

Биринчи рейс менен Баткенге 67 тонна гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Учурда спорт ордосунда Бишкек мэриясынын, райондук администрациялардын кызматкерлери, кайрымдуу жарандар Баткен облусуна гуманитардык жардамдарды чогултуп жатышат. Жөнөтүүнү мэр Эмилбек Абдыкадыров жетектеген борбор калаанын муниципалитетинин жетекчилиги көзөмөлдөйт.

«Учурда үч жүк ташуучу унаа кетти, 67 тонна гуманитардык жардам жөнөттүк. Алардын арасында эң керектүү буюмдар, жеке гигиена каражаттары жана башкалар. Мындан тышкары дары-дармек менен спринтер жөнөтүү пландалууда»,-деп айтылат маалыматта.

Урматтуу шаардыктар! Баткендиктерди колдоо максатында борбор калаада гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттары, ошондой эле акча каражаттарын которууга боло турган атайын банктык эсеп ачылганын эсиңиздерге салабыз:

Алуучу: КР Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты

Алуучунун банкы: КРФМ Борбордук казыналыгы

Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073
БИК 440902 — (МКП, ВКП)
БИК 440001 — банктар аркылуу
Алуучунун коммерциялык банктар аркылуу эсеби: 1352119929762602
Алуучунун банкы: «Айыл Банк» ААК
БИК135001
Төлөөнүн максаты: Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү
Төлөм коду: 14411100

Чогултуу пункттарынын даректери менен Бишкек шаарынын мэриясынын meria.kg сайтынан таанышууга болот.

Количество просмотров: 134