• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот

5 Бугу 2021 14:27 Бишкек Govori.TV

Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Өкмөт астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, мурда келип түшкөн бардык гуманитардык жардам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин унаа транспорту менен Баткен облусуна жеткирилет.

«Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү астында уюштурулган «Баткенге көмөк» штабы өз ишин токтотот жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарына көмөк көрсөтүү чакырыгына жооп кайтарган жалпы физикалык жана юридикалык жактарга ыраазычылыгын билдирет»,-деп айтылат маалыматта.

Буга катар белгилесек, гуманитардык жардам чогултуу улантылат жана ал жер-жерлерге берилет. Бишкек шаарында гуманитардык жардам чогултуу, аны эсепке алуу жана жөнөтүүнү Бишкек шаардык мэриясы координациялайт.

Количество просмотров: 278