• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Мыйзам бузган 3 акча алмаштыруучу жай ишин токтотту

13 Теке 202215:57 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузгандыгы үчүн үч акча алмаштыруучу жайлардын лицензиялары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.

Маалым болгондой, лицензия 2022-жылдын 9-июлунан 15-июлуна чейинки мөөнөткө токтотулган.

«Үч алмашуу бюросу тең Бишкекте жайгашкан. Экөө Москва көчөсүндө, дагы бирөө Шлагбаум аймагында, Дэн Сяопин проспектиси менен Фучик көчөсүнүн кесилишинде»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1222