• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Баткенге киргизилген чектөөлөр кайра алынды

29 Аяк оона 2020 9:39 Бишкек Govori.TV

Штабдын тапшырмасы менен Баткен облусунда киргизилген чектөөлөр кайрадан каралып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берди. Анда жер жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияларга кайрылган коомдук транспорттун айдоочуларынын жана жергиликтүү тургундардын кабыл алынган чектөөлөр, алардын турмуш шартына түздөн түз таасир этээрин айтып, коомдук транспорттун, мал базарларын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айтып кайрылган сунуштары эске алынды.

Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү беткап режими жана той аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Количество просмотров: 116