Камчы Көлбаев Баткенге барды деген маалымат боюнча өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү жооп берип, аны четке какты. Алар балким Камчыбек Ташиевди Көлбаев деп алмаштырып алышты деп кошумчалашкан.
Буга чейин, Vesti.kg сайты өздүк булактарына таянып, Камчы Көлбаевди төрт коопсуздук унаасы менен Баткен облусунун администрациясына келди деген маалымат жазган. Маалыматта «мыйзамдагы ууру атыккан Көлбаев 30 мүнөт мурун өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиевдин иш бөлмөсүнө кирип, азыркыга чейин чыга элек» деп жазылат.