• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Баткенге өлкө аймагынан чогулган 1 миң 131 тонна гумжардам жеткирилди

22 Аяк оона 2022 10:25 Бишкек Govori.TV

Баткен облусуна өлкө аймагынан чогулган 1 миң 131 тонна гумжардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ичинен 166 тонна ӨКМ тарабынан, 792 тонна жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 172 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусунун аймагына жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 184 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Алар:

  • Ош облусунда – 44;
  • Жалал-Абад облусунда – 13;
  • Нарын облусунда – 6;
  • Ысык-Көл облусунда – 64;
  • Талас облусунда – 43;
  • Чүй облусунда – 12;
  • Ош шаарында – 1;
  • Бишкек шаарында – 1.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын жараныбыз чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Количество просмотров: 71