51 жаштагы Абдибакыт Халмурзаев Баткен облусунун прокурору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка башкы прокурор кол койду.
Жаңы прокурор 11-майда жалпы жааматка тааныштырылды.
2017-жылдын августунан 2018-жылдын октябрь айына чейин Халмурзаев Бишкек шаарынын прокурору кызматын аркалаган.