Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу ыктыярчылар Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү үчүн каражат чогултуп баштады. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде ыктыярчы Мухамед Али Аманов билдирди.
«Өзүңүздөргө маалым болгондой, мамлекетте бүгүн кырдаал оор. Баткенге биз дагы өз салымыбызды кошуу максатында акча чогултуп баштадык. Кечээ, 29-апрелден бери 70 миң сомго жакын каражат топтолду. Бүгүн Баткен менен байланышып, азык-түлүк, дары-дармек сыяктуу керектүү каражаттарды жөнөтөбүз»,-деди ыктыярчы.
Кошумчалай кетсек, Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам эвакуация болгон тургундарды жайгаштыруучу алты жай иштеп жатат. Алар Баткен районунун Кызыл-Бел жана Көк-Таш айылдарынын тургундары, негизинен аялдар, балдар жана кары-картаңдар. Облус бийлиги жалпысынан 2-3 миңдей адам эвакуация болгонун 29-апрелде билдирген.