Бишкек.06.05.2019.Govori.TV.
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин диагнозун койгон дарыгерди үч жолу гипертониялык криз болду. Бул тууралуу 24.kg агенттигинде өткөн маалымат жыйында кармалган дарыгер Эмил Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева билдирди.
«Буга чейин Макимбетов эки жолу гипертониялык криз болуп үчүнчү жолу менин көзүмчө сурак жүрүп жатканда кулап калды. Томограмма көрсөткөндөй анын мээсине кан айлануу начарлай баштаган. Мындан улам ал №2 ооруканага жеткирилген. Врачтар анын жок дегенде бир суткага калтыруусу керек эле, бирок, ага дары берип эле кайра абакка алып кетишкен»,- деди жактоочу.
Эске салсак, Кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында «ага оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен онколог Эмил Макимбетов өткөн аптада камакка алынып, ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.