Бишкек.17.08.2019.Govori.TV.
Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши быйыл жыл башында жанданган. Тергөөнүн алкагында Батукаевге «ак кан оорусуна чалдыкканы тууралуу аныктама берген» деген шек менен онколог-дарыгер Эмил Макимбетов, лаборант Ирина Цопова, дагы үч медицина кызматкери кармалган. Алардын экөө үй камагына чыгарылган.
Бүгүн лаборант Ирина Цопованын бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен абактан чыгарылды.
Цопова Батукаевдин кайра жандандырылган иши боюнча май айында камакка алынган
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик каттам менен токтоосуз Чеченстанга учуп кеткен. Соттун чечимине Батукаевдин ак кан илдетине чалдыкканы жана ичер суусу азайып калганы тууралуу дарыгерлердин тыянагы себеп болгону айтылган. Бирок анын жашоосу саналуу экени ырасталган эмес.
Мындан тышкары мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева да шектүү катары кармалып, 22-майда үй камагына бошотулган.