• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Ташов сотко жеткирилди (видео)

23 Чын куран 2024 16:41 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда издөөдө жүрүп кармалган Имамидин Ташовдун бөгөт чарасы каралып жатат.

Учурда ал сотко жеткирилди.

Сотко анын жакындары келген. Ташовдун апасы Саиджамал Абдукаимава иштин калыс каралуусун айтты.

Эске салсак, күн мурун УКМК Ташов Панфилов районунун Кайыңды айлында кармалганынын кабарлаган.

«И.Ташов Кыргызстан жана Казакстандын Республикасынын мамлекеттик чек араларын Алматы шаарынан Кара-Балта шаарына чейин мыйзамсыз кесип өтүп, бийликти басып алуу максатында каршылык акциясын өткөрүү үчүн күчтөрдү бириктирүү боюнча убактылуу штаб уюштурууну пландап жаткан жеринен кармалды”, — деп айтылат маалыматта.

УКМК Ташов “бийликти басып алуу максатында, калкты адаштыруу үчүн социалдык тармактарда да активдүү иш алып барган” деп маалымдады. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 322